UFC уюмунун эки салмак боюнча мурдагы чемпиону, ирландиялык мушкер Конор Макгрегор өзүнүн карьерасында беттешкен эң күчтүү мушкерди атады. Бул тууралуу мушкер социалдык тармактагы баракчасына жазган.
Конор Макгрегорго "Сиздин карьераңызда кезиктирген эң күчтүү атаандашыңыз ким болду?" деген суроо берилген.
"Нейт Диас. Ал батыш жээктеринде жүргөн желмогуз" деп жооп берген Макгрегор.
32 жаштагы Конор Макгрегор менен 35 жаштагы Нейт Диас 2 жолу беттешкен. Алгачкы беттеш 2016-жылдын март айында UFC 196 турниринин алкагында өтүп, анда Нейт Диас мөөнөтүнөн мурда жеңишке жеткен. Ошол эле жылы август айында эки мушкер кайра беттешип, калыстардын чечими менен Макгрегор жеңүүчү аталган.