Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен районунун Ак-Сай айылындагы жаңы насостук бекеттин курулушу менен таанышты. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, Баткен облусунун Ак-Сай айыл аймагынын Бакай участкасынын тургундарын сугат суусу менен камсыз кыла турган объектинин курулушу 2019-жылы башталган.
Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров тийиштүү мамлекеттик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына 2021-жылдагы сугат мезгилине чейин насостук бекетти пайдаланууга берүү үчүн жүргүзүлүп жаткан иштерди тездетүү тапшырмасын берди.
"Сугат, суу маселесин чечүү менен биз жөнөкөй жарандардын жашоо шартынын жакшырышына шарт түзөбүз, ошондой эле айыл чарбасын өнүктүрүүгө негиз болот. Ирригация тутумун жакшыртуу жана аларды модернизациялоо азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууну шарттайт. Ошондуктан калкты сугат суусу менен камсыз кылуу биздин артыкчылык багытыбыз", – деди Садыр Жапаров.
Белгилей кетүүчү жагдай, насостук станциянын курулушу 85 пайызга бүттү. Сугат суусу менен камсыз кыла турган объектини ушул жылдын декабрь айынын аягына чейин пайдаланууга берүү пландалды. Насостук бекет курулуп бүтсө, 140 гектар жаңы сугат жери өздөштүрүлөт. Мындан тышкары учурда пайдаланылып жаткан 290 гектар жерди сугат суу менен камсыз кылуунун көрсөткүчү жогорулайт. Мындан тышкары 500дөн ашык жаңы жумуш оруну түзүлөт.