"Абдыш-Ата" клубунун оюнчусу оюндан кийин калысты чаап жиберди

Канттын "Абдыш-Ата" клубунун оюнчусу Сталбек Бекболотов "Дордой" клубу менен болгон оюндан кийин беттештин калысын чаап жиберди.

Улуттук Лиганын жарым финалдык оюнунун алкагында өткөн "Дордой 2" - "Абдыш-Ата 2" оюнунда Сталбек Бекболотов калыска орой мамиле кылгандыгы үчүн оюндан четтетилген. Оюн бүткөндөн кийин Сталбеков беттештин башкы калысы Нургазы Чолпонбаевге чуркап барган. Аны капталдагы калыс Канат Мырсабеков тоскондо футболчу аны чаап жиберген.

1-ноябрда өткөн бул беттеш 2:3 эсебинде канттык клубдун жеңиши менен аяктаган. Бул эки команданын ортосундагы жооптук оюн 4-ноябрда Бишкекте өтөт.

"Абдыш-Ата" клубунун оюнчусу калысты чаап жиберди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Beka9898kg
2020-11-02 17:58:44
Олтуро чабыш керек болчу
-5
Zlum
2020-11-02 21:23:52
Акмактар
+3
Datka7777
2020-11-03 07:46:16
Баарын оюн талаасынан чыгарып салыш керек,
+1
mariolan
2020-11-03 08:45:47
мындайларды футболдон четтетиши керек
+1
Almazhhhh
2020-11-03 09:04:26
Полянын кебетесин кара,картошка эле егетурган экен.Кчаааааан онугобуз деги!!!!!!!
+3
bond02
2020-11-03 10:29:15
Кыкендер футбол ойнобой эле койсо.
-4
Asmat84
2020-11-03 14:03:29
Оюнга чыдаш керек жеңилип баратса эле чаап жибербей
-3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан