Садыр Жапаров: "Баткендин өрүгү дүйнөлүк брендге айланышы керек"

Кыргыз Республикасынын президентинин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров Баткен облусуна жасаган иш сапарынын алкагында облусту өнүктүрүү боюнча максаттары тууралуу айтып берген.

Анда Жапаров Баткендин өрүгү дүйнөлүк рынокто өз ордун табуусу керектигин билдирген. Бул тууралуу президенттик аппараттын маалыматтык саясат бөлүмүнөн кабарлашты.

"Баткендин күрүчү, өрүгү дүйнөлүк брендге айланышы керек. Ал үчүн айыл-чарбасында кластердик системаны киргизип, кайра иштетүүчү ишканаларды ачууга жардам беребиз. Баткен облусу сөзсүз гүлдөгөн аймакка айланышы керек. Айгүл гүлү менен өрүкзарды көрүү үчүн төгөрөктүн төрт бурчунан адамдар келиши керек. Бул үчүн инфраструктураны жакшыртып, туристтерди тейлөөнүн сапатын жогорулатабыз", - деген Жапаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан