Футболсуз өзүңдү элестете албайсыңбы? "Футбол калыстар мектебине" 2020-2021-окуу жылына кабыл алуу башталды

Футболду жакшы көрөсүңбү? Футболсуз өзүңдү элестете албайсыңбы? Оюндун эрежесин жакшы билесиңби жана оюнда болууну каалайсыңбы? Анда бизге кел!

"Футбол калыстар мектебине" 2020-2021-окуу жылына кабыл алуу башталды.

Окуу курстарын бүткөндөн кийин Улуттук категориядагы калыс болууга ири мүмкүнчүлүк бар, ал эми ийгиликтүүсү ФИФА калысы боло алат. Мектепти бүтүргөн калыстар КФС алдындагы мелдештерге калыстык кылышат.

Окуу акысыз болуп, кечки убакытта өтөт.

Мектепке тапшыруу үчүн талаптар:

- 18 жаштан кичүү эмес жана 30 жаштан жогору эмес;

- Мыкты физикалык форма (физикалык кондиция);

- Футболдун базалык негизги эрежелерин билүү;

- Калыстык жана профессионалдык жактан өсүү үчүн жеке сапатка ээ болуу;

- Англис тилин билүү (жакшы болот).

Тапшыруу үчүн документтер:

- Паспорт көчүрмөсү (ID карта)

- Медициналык текшерүүдөн өткөндүгү боюнча справка (Форма У-086);

- Толтурулган форма (шилтеме аркылуу https://drive.google.com/file/d/1ZhbW9UQDf5fLP9Xd3FSIriaJXMQLFUB1/view?usp=sharing);

- Фото 3X4

Толук документтерди Кыргыз футболдук союзунун кеңсесине (Медеров к. 1Б 7-апрель көчөсү менен кесилишет) алып келсе болот же referees@kfu.kg дарегине 2020-жылдын 25-ноябрына чейин жөнөтүү керек.

Бардык суроолор боюнча:

Бишкек шаары боюнча: +996 557 230 013, +996 772 277 721 (Whats App) – Ситоленко Андрей Владимирович

Ош шаары боюнча: +996 555 869 330 – Талипжанов Исмаил


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан