Бүгүн, 3-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогу старт алат. Кубоктун алкагында ат чабыш, эр эңиш, салбуурун боюнча дагы мелдештер өтөт.
Мелдештердин программасы:
3-7-ноябрь - Көк бөрү боюнча алдын ала беттешүүлөр;
7-ноябрь - Көк бөрү боюнча 3-орун үчүн мелдеш, эр эңиш, салбуурун боюнча мелдештер;
8-ноябрь - Көк бөрү боюнча финалдык мелдеш, эр эңиш, салбуурун, ат чабыш боюнча мелдештер.
Коронавирус пандемиясынан улам оюндар көрүүчүлөрсүз өтөт.