Бүгүн, 3-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогу старт алат.
Кубокто көк бөрү боюнча жогорку лиганын жана 1-лиганын оюндары орун алат. Бүгүн боло турчу 1-лигадагы оюндардын тизмеси:
"А" тайпасы - "Жети-Өгүз" -"Төш Булак" саат 10:00дө башталат;
"Б" тайпасы - "Сокулук" - "Четинди", саат 11:30да башталат;
"С" тайпасы - "Ай-Тамга" - "Мурас", саат 13:00дө башталат;
"Д" тайпасы - "Жумгал" - "Суусамыр", саат 14:30да башталат.
Ал эми Жогорку лиганын оюндары эртең, 4-ноябрда старт алат. Коронавирус пандемиясынан улам оюндар көрүүчүлөрсүз өтөт.