Ошто уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жашаган жеринен курал-жарактар табылып, алардын ишине бөгөт коюлду. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин 248-беренесинин 1-бөлүгүндө каралган кылмыш белгилери боюнча (кылмыш жасоо үчүн уюшкан топ түзүү) катталган сотко чейинки өндүрүштүн алкагында курал-жарактар табылганын маалымдайт.
"Кылмыштуу топтун 23 мүчөсүнүн жашаган жеринен санкцияланган тинтүүлөрдүн жыйынтыгында АК-47 үлгүсүндөгү 2 мылтык, 2 травматикалык тапанча, 32 мм калибрдеги белгисиз мылтык, 12 мм калибрдеги ТОЗ-34 маркасындагы 2 көзөнөктүү мылтык, оптикалык мээлегичи бар мылтык, белгисиз маркадагы өз колу менен жасалган мылтык (кесилген), ТОЗ-16 маркасындагы мылтык, 15 бычак, 2 жезден жасалган кастет жана көп сандагы патрон табылып алынды.
Азыркы учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтун ишин нейтралдаштыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда", - дешти мекемеден.