Бүгүн, 3-ноябрда көк бөрү боюнча президенттин Кубогу Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда старт алды. Бул Кубокту өлкөгө кеңири таанылган улакчы Манас Ниязов биринчи лигада ойнойт. Маалыматты SUPER.KG порталына Улуттук көк бөрү федерациясынын башкы катчысы Кубат Аскарбеков тастыктады.
"Манас Ниязов быйыл президенттин Кубогунда биринчи лигадагы жаңы түзүлгөн "Ала-Тоо" командасы менен катышып жатат. Эгерде Ниязов бул команда менен жогорку лигага чыга албай калса, 2021-жылы Түркияда өтө турган көчмөндөр оюнуна катышуу үчүн улуттук курамага кире албай калат. Бул эреже Манас Ниязовко дагы, анын жетекчилерине дагы эскертилген", - деди Аскарбеков.
Көк бөрү боюнча өлкөнүн бир нече ирет "мыкты улакчы" наамын алган 27 жаштагы Манас Ниязов ушул тапта Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан президенттин Кубогуна "Ала-Тоо" командасы менен катышып жатат.