ИИМдин медициналык башкармалыгынын башчысы "пара алуу" беренеси менен кармалды

Ички иштер министрлигинин медициналык башкармалыгындагы коррупциялык схема аныкталды. Бул тууралуу бүгүн, 3-ноябрда УКМКнын маалымат кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, министрликтин медициналык башкармалыгынын жетекчилиги тарабынан кызмат өтөөгө талапкерлердин маселесин оң жакка чечип, медициналык корутунду бергени үчүн пара алуу фактысы аныкталган.

"27-октябрда ИИМдин ички иликтөө кызматы менен биргеликте өткөрүлгөн ыкчам-тергөө иш-чаранын жыйынтыгында аталган министрликтин медициналык башкармалыгынын башчысы, аскердик-медициналык комиссиянын төрагасы, полковник Ж.Ж.К. кармалды.

УКМКнын тергөө кылмыш ишинин алкагында, Ички иштер министрлигинин Патрулдук милиция кызматынын жаңы түзүлгөн департаментинен ден-соолугунун абалы талапка жооп бербегендиктен (боюнун кыскалыгы, салмагынын ашыктыгы, көзүнүнүн начар көрүшү жана башка), алардан акча каражаттарын алуу фактылары катталгандыгы аныкталды.

Сотко чейинки өндүрүштүк материалдар 325-беренеси (пара алуу) боюнча Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды. Кармалган адам УКМКнын тергөө камак жайына киргизилди", - дешти мекемеден.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан