Бүгүн, 3-ноябрь күнү маданият өкүлдөрү, продюсерлер жана режиссёрлор катышкан маалымат жыйын өттү. Анда коюлган талап кинотеатрларды ачуу маселеси болду. Жыйынга катышкан кинорежиссёр, продюсер Эрнест Абдыжапаров, ырчы Съездбек Искеналиев, режиссёр Айбек Дайырбеков жана режиссёр, продюсер Бакыт Осмонкановдор ой-пикирлерин айтышты.
Акыркы 8 айдан бери кинотеатрлар жабык турат. Бул кыргыз киносундагы чоң жоготууну алып келди. Жыл сайын кинотеатрларга 3 миллиондой көрөрман келчү. Экономикалык жактан алганда, бул статистика менен былтыр жарым миллиард сомго жакын акча түшкөн, быйыл бул көрсөткүч чоң жоготууга дуушар болду. Ошондуктан кино тармагын жандандыруу зарыл. Бардык санитардык эрежелерди эске алуу менен ишмердүулүктү баштоого уруксат берүүнү талап кыларын билдиришти.
"Коронавирус деген илдет менен күрөшүп жатабыз. Бул оору арабыздан бир топ көрүнүктүү инсандарыбызды жулуп кетти. Улуу Ата Мекендик согуш учурунда да элдин духун көтөрүү максатында кинотеатрлар иштеп турган. Себеби согуш болуп турган учурда элдин деми жашашы керек. Азыр элдин маданий, руханий деңгээли ачка болуп жатат. Биз ушул демилгени көтөрүп чыкпасак мындан ары социалдык толкундоолор күчөй бериши мүмкүн. Бүгүнкү күндө ушул тармакка көңүл бурбасак,келечегибизге чоң кооптонуу жаралат деп кайрылуу жасап атабыз", - деди режиссёр Эрнест Абдыжапаров.
Кыргызфильм киностудиясы бир жылда 15-20 тасма жаратат, учурда тасма тартуу токтоп турат. Өткөн жылы Кыргызфильмден мамлекетке 10 миллион сомдой киреше түшкөн.