Социалдык тармакка белгисиз жарандын жолдон өтүп бара жаткан адамдарга кол салып жаткан видеосу тарады. Чүй ОИИББинин маалыматына ылайык, окуя 2-ноябрда саат 22:00 чамасында катталган.
"Сокулук РИИБинин нөөмөт бөлүмүнө белгисиз жаран тарабынан кол салуу болгону тууралуу маалымат келип түшкөн. Жерине ыкчам тергөө тобунун кызматкерлери барышып, кебетеси азиялык болгон белгисиз жаран эч себепсиз эле жолдон өткөн адамдарга кол салып, андан кийин качып кеткенин аныкташкан. Кол салуунун кесепетинен бир жаран жаракат алып, Бишкек шаарындагы ооруканалардын бирине жеткирилген.
Бул факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 266-берене (бейбаштык) менен катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынды.
Учурда шектүүнү аныктоо жана кармоо боюнча ыкчам тергөө иштери жүргүзүлүп, тиешелүү медициналык экспертизалар дайындалды", - дешти мекемеден.