УКМК: "Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды"

Уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрүнүн мыйзамсыз иштерин аныктоого жана бөгөт коюуга, ошондой эле кылмыштуу элементтердин өлкөдөгү коомдук-саясий кырдаалга таасирин алдын алууга багытталган ыкчам издөө иш-чараларынын алкагында, уюшкан кылмыштуу топтун эки мүчөсү кармалып, алар менен профилактикалык иш-чаралар өткөзүлдү.

"Уюшкан кылмыштуу топтун башка мүчөлөрүнүн жашаган жерлеринде жүргүзүлүп жаткан тинтүү учурунда курал-жарак жана ок-дарылар табылып алынган. Материалдык далилдер экспертизага жөнөтүлүп, анын жыйынтыгы боюнча тиешелүү чаралар көрүлөт. Учурда УКМК тарабынан уюшкан кылмыштуу топтордун ишин нейтралдаштыруу боюнча тиешелүү иш-чаралар улантылууда", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан