Акыркы суткада доллардын сомго карата баасы дагы 2 сомго жогорулады. Бүгүн, 3-ноябрь күнү саат 15:40ка карата 1 доллардын баасы дээрлик 84 сом 40 тыйынды түздү.
Өлкөнүн коммерциялык банктарында долларды сатып алуу 83 сом 80 тыйын болсо, долларды сатуу 84 сом 18 тыйындан 84 сом 20 тыйынга жетти. Мындай маалымат каржы порталына жарыяланган.
Улуттук банктын расмий сайтында АКШ долларынын курсу 81 сом 80 тыйын деп көрсөтүлгөн.