Шоу-бизнесте эмне кеп? Ырчы Айтурган Эрмекова уул бала күтүп жатканын айтса, Самат Эркинбеков баласына Иман деген ысым ыйгарды

Өлкөдө митинг, кызматтан бошотуу, кызматка дайындоо жана башка окуялар дагы деле уланууда. Бирок коомчулукта андан тышкары дагы жаңылыктар бар. Бул жолу шоу-бизнес тармагындагы кептерге токтолсок:

Актёр, алып баруучу Самат Эркинбеков бүгүн, 3-ноябрда жубайы менен уулун төрөт үйүнөн чыгарды. Ага актёрдун жакындары, достору дагы келишти. Самат Эркинбеков уулуна Иман деген ысым ыйгарганын айтат. Эске салсак, актёрдун жубайы 29-октябрда көз жарган.

"Кыз-Бурак" тобунун мурунку солисти, ырчы Айтурган Эрмекова менен жолдошу Дамирдин үй-бүлөсүндө толуктоо күтүүдө. Бул тууралуу ырчы социалдык тармактагы баракчасына жазып, күйөрмандарынан келген суроолорго чекит койду.

"Үйлөнгөнүбүздөн 1 жылдан ашкандан кийин Кудайым бизге чоң белек тартуулады. Кош бойлуумун, 7 айдан ашты, уул экен. Мага "боюңда барбы, канча жыл болду?" дегендер бар. Силерге да меникиндей бактылуу жашоо берсин Кудайым. Буюрса, 2 айдан кийин көз жарам деп турам. Ашыкча сөздүн, негативдин кереги жок, менде баары жакшы", - деп айткан билдирүүсүндө.

"Тамашоу" долбоорунун түптөөчүсү, "Супер-Инфонун" тандоосу боюнча "Жылдын супер телеалпаруучусу" наамынын 3 жолку ээси жана "Маданияттын мыкты кызматкери" Эрмек Нурбаев АКШда жүрөт. Учурда ал чет өлкөдө эмгектенип жатканын жазып, бирок так айткан эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
JaneEr
2020-11-03 18:27:33
Ким бу кыз
+3
orozali.krg
2020-11-03 20:14:27
Көмүр канчадан болуп атты экен аа
+4
Mubarak
2020-11-04 09:39:21
:)
0
berdibeksubankulov
2020-11-04 09:51:15
Ааа
0
kamchatka
2020-11-04 10:03:48
Ай келтиресинда Самат
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан