Футбол боюнча Кыргыз улуттук курама командасынын оюнчусу, 19 жаштагы футболчу Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубу менен мөөнөтүнөн мурда Казакстандын чемпиону болду.
Бүгүн, 3-ноябрда футбол боюнча Казакстан чемпиондугунун 17-турунун алкагында "Кайрат" командасы өз үйүндө "Окжетпес командасын кабыл алып, 3:1 эсебинде жеңип алды. Гүлжигит Алыкулов оюндун экинчи бөлүгүндө алмашууга чыкты.
Бул көрсөткүч менен "Кайрат" клубу жалпы 44 упай топтоп, экинчи орунда келе жаткан "Астана" командасынан 17 упай ашып кетти. Калган беттештердин жыйынтыгына карабастан "Кайрат" клубу 2020-жылдагы Казакстандын чемпиону болду.
Гүлжигит Алыкулов "Кайрат" клубуна "Неман" клубунан ушул жылдын январь айында өткөн.