"Кызматкерлерге баш ийбей, Финполдо иштей турганын айткан". Жасалма номер менен автоунаа айдаган жаран кармалды

Милициянын кайгуул кызматкерлери жасалма номер жана айдоочулук күбөлүгү жок автоунаа айдаган жаранды кармады. Бул тууралуу милициянын кайгуул кызматынын басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, бүгүн, 3-ноябрда милициянын кайгуул кызматкерлери бөлүнгөн аймакта кайгуул кылып жатып, Киев жана Калык Акиев көчөлөрүнүн кесилишинен Toyota Camry үлгүсүндөгү автоунааны электрондук планшет аркылуу текшергенде жасалма номер менен жүргөндүгү аныкталган.

"Токтотуп, керектүү документтерин текшерүү учурунда 1994-жылы туулган Б.Ч. аттуу жаран өзүн Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында эмгектенерин айтып, кызматкерлерге баш ийбей качкан. Бирок милициянын кайгуул кызматкерлери мыйзамга баш ийбей качкан айдоочунун артынан кууп, Фрунзе менен Исанов көчөлөрүнүн кесилишинен кармашкан. Ошол учурда тиешелүү кызматтар менен текшерген учурда айдоочу Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү кызматында иштебегендиги аныкталып, айдоочулук күбөлүгү да жок болгон", - деп билдиришти мекемеден.

Бул факты боюнча автоунаа убактылуу айып төлөөчү жайга токтотулуп, айдоочулук күбөлүгү жок болгондугу жана кызматкерлерге баш ийбегендиги үчүн айдоочуга карата Кыргыз Республикасынын бузуулар кодексинин беренелеринин негизинде протокол толтурулуп, ал эми айдоочу өзү Биринчи Май райондук ИИБинин ыкчам кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Baatirbek81
2020-11-03 21:11:12
Ушуга окшогон шакалдар жол эрежесин бузуп көп айдоочуларга зыянын тийгизишет!
Камап ташташ керек 6 айга болбосо тийешелүү штафын төлөп койуп кайра эле баштайт!
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан