"Садага болоюн Садыр, мени карап кой, онанайын чырагым, лампочкам". Жапаровду эркелеткен апанын видеосу талкууда

Президенттин милдетин аткаруучу, премьер-министр Садыр Жапаров 3-ноябрда Жалал-Абад облусуна иш сапары менен барып, эл менен жолукту. Социалдык тармактарга жолугушуу учурундагы окуяны чагылдырган кызыктуу видео тарады.

Эл чогулган жыйында Гүлнара Назакулова аттуу аял Садыр Жапаровду жана калың элди күлдүрө сүйлөп, алардын сүймөнчүгүнө татыганы видеодо көрүнөт. Ал сүйлөгөндө элдин баары кыраан каткырып, аны сүрөп, кол чаап турушкан жана бул учурга Жапаровдун да кайдыгер карабаганы байкалат.

"Садага болоюн, Садыр, мени карап кой, онанайын чырагым, лампочкам. Мен эч жерде иштебейм, жети уул, бир кыз төрөп чоңойттум. Бизде президент келгенде жакшы келип, кийин эле айнып кетишет, ушу сен айныбачы, чырагым, лампочкам! Мен сенин тарыхыңды окуп жаман ыйладым. Атаң ыйлап, аябай нааразы болгон экен, Алла бар, Алла өзү иликтеп алат, жегендин баары кийин кабырда жооп берет. Балам, сен таш ыргытканга аш ыргыт, белиңди бекем буу. Мына ушул турган элдин баары сенин тууганың, мейли менин сегизинчи балам болуп ал. Жаман-жакшы сөз уксам даттанат элем өзүңө дегендей, мына даттана турган адам келди.

Эми белиңди бекем бууп, иштеп бер! Анан мына депутаттарыңды азайтсаң, 75 эмес, 50 депутат болсо болот, садага болоюн. Билбейм сен шайлангандан бери ырдагым эле келет, ырдагым эле келет. Садага болоюн, сен бизге түбөлүк президент бол, түшпөй кой тактыдан", - деген жаран.

Бул видео азыркы тапта колдонуучулар тарабынан популярдуу болуп, аны бөлүшкөндөр көп болуп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
gulya583
2020-11-04 00:32:20
Жакшы суйлоптур бирок. Тамаша чындыгына жараша болуптур. Туура эле 50 депутат жетет бизге
+23
bond02
2020-11-04 01:11:33
Садырдан да конулунор калат го Жалал Абаддык туугандар, эн мыкты президент озунордун уулунар Бакиевдин баркына жеткен эмессинер.
-8
nur090909
2020-11-04 09:40:35
bond02,Бакиевди Жаоал-Абаддыктар кадырына жетпей эмне кылыптыр.
+3
Baiaman997
2020-11-04 17:22:25
bond02,сен Садырды жамандап эле каарып кетет экенсинда
+5
nazira...
2020-11-04 05:48:43
Бакиевдин кандай иштегенин Жапаров жакшы билет. Бир интервьюсунда Бакиевдин ишин баалаганын окугам. Жапаров Акаевдида, Бакиевди да алып келет деген ишенмдемин.
+5
Mart19
2020-11-04 10:04:19
Мен да ишенем Садыр Жапаров Кыргызстанды онуктурушуно
+15
anash
2020-11-04 11:00:31
Неге Алтынбек Сулайманов депутатык босогону 3пайызга тушурту жугуруп журуп да а эмнеге депутатардын азайтканга кызыккан жок?Бизге 50депутат жетеи жеп жутарларды азайтса жакшы болмок 50жетет Алтынбек аке намыс болсо которун ушул теманы 50жетет жаштар эле деп какшайс жаштардын талабы 50депутат
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан