Мамлекеттик салык кызматы тарабынан Оштун Өзгөн районунда тийиштүү документтери жок сатылып жаткан 447 бөтөлкө спирт ичимдиги колго түштү. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, рейд учурунда спирт ичимдиктерин саткан дүкөн продукцияны уруксаты жок сатып жатканы аныкталды. Материалдар Ош жана Баткен облустары боюнча экономикалык кылмыштуулук менен күрөшүү башкармалыгына өткөрүлүп берилди.