Сокулук районунда тоноочулукка шектүү деген үч жаран кармалып, ага карата кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин басма сөз кызматынан билдиришти.Сокулук райондук ички иштер бөлүмүнө Чүй облусунун тургуну 27 жаштагы Т.М. аттуу жаран кайрылган. Ал 2020-жылдын 28-октябрында саат 22:17 чамасында Сокулук районунун Романовка айылында болуп, белгисиз 3 адам тарабынан физикалык күч колдонуп, 50 миң 240 сом суммасындагы акчаны жана уюлдук телефонун тарттырып алган. Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.
Учурда милиция кызматкерлери тарабынан кармалган шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, сотко чейинки иштери аткарылууда.