"Мен окуп күлүп эле койдум". Камчыбек Ташиевдин баракчасынан "Садыр Жапаровду камакка алам" деп тараган билдирүү боюнча Жапаров пикирин айтты

УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевдин Фейсбуктагы баракчасына окшош баракчадан "Коррупциялык иштерге аралашкан жарандарды кеңешчи кылганы үчүн өкмөт башчыны камакка алам" деген билдирүүнүн сүрөтү тарап кеткен болчу. Көп өтпөй Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети ал билдирүүнүн фейк экенин маалымдаган. Ал эми өкмөт башчы, президенттин милдетин аткаруучу Садыр Жапаровдун өзүнүн бул боюнча ою кандай? Бул суроого ал түштүк аймагына болгон иш сапарынын алкагында Регион.ТВ каналына жооп берди.

"Акыркы 10-12 жылдан бери интернет колдонуучу катары айрым учурда мен деле кирип кетем, кээ бирөөнүн баракчасына, жакшылап карап отурсаң кирсең болот, кирип алып жазып койсоң да болот. Менин деле аккаунтума кирип жазып коюшу мүмкүн. Мисалы, жазып коюп кайра чыгып кетиши мүмкүн. Камчыбек Кыдыршаевичтин деле аккаунтуна кирип туруп, ошентип жазып, 15 мүнөттөн кийин кайра чыгып кетиптир. Аны кайсы аккаунттан кирип жазганын деле билсе болот. Менин аны издегенге убактым жок, ошол үчүн аны тапкан жокмун. Мен ал билдирүүнү көрүп күлүп койдум, түшүндүм дароо "а, хакерлер аккаунтка кирип кетсе керек" деп. Эртеси Камчыбек Кыдыршаевич келди, отуруп карасак 15 мүнөткө хакер кирип, чыгып кеткен экен.

Андайларга көп көңүл бурбайбыз, биздин мамилебиз жакшы. Экөөбүздү уруштуруп, ажыраштырып, бузсак бийликке жетебиз деген күчтөр бар. Биздин башыбыздан даалай нерсе өттү, 15 жылдык тааныштык, үй-бүлөлүк катыштыгыбыз бар, биз андайларга моюн бербейбиз", - деди Садыр Жапаров.

Ташиевдин билдирүүсү боюнча Садыр Жапаров жооп берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Raihan0602
2020-11-04 12:04:33
Достугуңар түбөлүк болсун эл уулдары.Элдин үмүтүн актап таза иштеп берсеңер экен
+12
Raihan0602
2020-11-04 12:06:17
Суук көздөн жаман сөздөн Кудайым сактасын
+9
Belek1710
2020-11-04 12:34:30
Дос деген сендей дос болот
+8
al-abu-kinesz
2020-11-04 13:34:32
Ким жазса дагы каргыш тийсин. Ошону таап элге суротун жарыялагылачы, коргон жерден ошол хакерди башка чаап журолу.
+3
aslan_akjol89
2020-11-04 22:17:51
Соц.сеттерге убактым жок,капа болбой тургула дединиз эле,окуп эле отурупсуз го))
-2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан