Маңдайымда отурган аял 2012-жылы "адам өлтүрүү" беренеси менен соттолуп, 14 жыл 6 айга эркинен ажыратылган. Ал ушул жылдын 19-октябрында камактагы жаза мөөнөтүнүн аякташына 2 жыл калганда шарттуу түрдө үй камагына чыкты. Тактап айтканда ал Юстиция министрлигинин пробация департаментинин Бишкек, Чүй, Талас аймак аралык башкармалыгынын Биринчи Май пробация кызматына өз мезгилинде келип дайынын билдирип турат. Эркиндикке чыгып, кадимки жашоого жаңыдан аралаша баштаган тагдырын, жашоосун айтып берди.
"Биринчи жолу айылдан мал уурдап, бир жыл отуруп чыккам. Абактан чыккандан кийин эки күн өтпөй чала тааныш келинге жолуктум. Февраль айы болчу. "Башыңды куттуктап коёюн" дегенинен барып ичтик. Кеч болуп кетти, аба ырайы суук, айылга да кете албай калдым. Келинге "мени бир жерге алып барып жаткырып кой" деп сурандым. Ал мени жездесинин үйүнө алып барды. Үйү чачык, жездесинин башы таңылган, денеси кан экен. Эптеп таң атса кетип калайын деп отургам. Себеби абактан чыкканы туугандарыма дагы бара элек болчумун. Бир маалда келин жездеси менен уруша баштады. Мен аларды ажыратмакчы болдум. Анан мага тиги киши кол көтөрдү эле, эки жолу түртүп жибергем. Биз чыгып кеткенбиз. Эртең менен кошуналары ал адамдын муунуп каза болгонун көрүшкөн экен. Бирок мен абийиримде таза адаммын. Мен ал адамды өлтүрбөгөнүмдү билем.
Мен ошону менен айылга кетип калдым. Үйгө келип жатайын деп атсам милиция кызматкерлери келип, РИИБге алып кетишти. "Сен өлтүрдүң" дешти. Ошол учурда мага туугандарым да ишенбей коюшту. Жактоочум да жок. Ошентип 14 жыл 6 айга соттолдум. Ошону менен мына ушул жылдын 19-октябрында чыктым. Өкүнгөнүм 10 жылым жөн эле өтүп кетти. Ошол 10 жыл кандай өттү, аны мен өзүм эле билем. Ачка болдум, ток болдум, ыйладым дегендей... Азыр кайра убакытты артка жылдырса, мен ар бир күндү баалап өтмөкмүн. Абакта балдарды жана жаш кыздарды саткан аялдарга жакшы мамиле жасалбайт. Мисалы, баласын өлтүрүп келген келинге кантип жакшы мамиле жасайсың", - дейт ал.
"Коом абактан чыккандарды кабыл албайт экен"
Түрмөдөн чыкканы байкаганым - бизди коом кабыл албайт экен. Мен азыр ошондой окуяларга туш болуп жатам. Бүгүн эртең менен эжекемдер, сиңдим салган акчаны ала албай банкоматта көпкө турдум. Аягында бир жаш кызга акчамды алып берип коюуну сурандым. Ага мен биринчи жолу келип жатканымды айтсам жанымда турган эки аял мени башкача карашты. Эгер адамдар отуруп чыкканыңды билишпесе байкалбайт экен. Мен билгизбегенге аракет кылып жатам. Азыр батирде турам. Кошуналарым байкап калганбы билбейм, шыпыргыдан бери үйгө киргизип, ойноп жаткан балдарын үйгө чакыра беришет. Башымдан көп кыйынчылыктар өттү. Мисалы, абакта адам өлтүргөндөрдүн түшүнө ошол адамдар кирип, кыйкырып өкүрүп чыгышат. Бирок менин түшүмө бир да жолу ошол адам кирген жок. Эгер мен түртүп жибергенден каза болсо, анда түшүмө кирмек деп ойлоп калам.
"Абакта тикмечиликти өздөштүрдүм"
Көпчүлүк аялдар болду, мен 14 жылга соттолдум, жашоом бүттү дегендей жата беришет. Мен анткен жокмун. Абактан тиккенди, кийим бычканды үйрөндүм. Андан кийин 180 адам иштеген тигүү цехин башкардым. Бир дагы күндү жөн өткөргөн жокмун. Концерттерге чыгып, өтө активдүү болдум. Бардык жумуштарды аткардым. Кээде өзүмө убакыт да таппай калчумун.
"Он жылдан кийин мен көргөн Бишкек"
"Таксиде баратып көп кабатуу үйлөрдү бурулуп алып карап жатсам эжем, "жөн отурчу Америкада жүргөндөй болбой" дейт. Мен көрө элекмин да. Бул жакта адамдар башкаларга көңүл бурбайт экен. Бири-бири менен иши жок. Мисалы, бирөө көчөдө жатса карабайт, телефондо сүйлөшүп кете берет экен".
"Эркиндик мен үчүн..."
Абакта дайыма эртең менен саат 8ге 15 мүнөт калганда көзүмдү аччумун, 15 мүнөттө жуунуп, тазаланып сыртка чыгып калышыбыз керек. Эркиндикке чыкканда 3 күн ошол убакытта ойгонуп жаттым. Кайра ичимден "сен эркиндикке чыктың, уктай бер" деп коём. Бирок баары бир көнө албай жатам дегендей... Эркиндик бул каалаган жериңе барасың, каалаган адамың менен жолугасың, кааласаң басасың, сени эч ким кармабайт.