Бишкекте жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочу кармалды

Милициянын кайгуул кызматы жөө жүргүнчүнү сүзүп качып кеткен айдоочуну кармады. Бул тууралуу кайгуул кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 31-октябрда болжол менен саат 9:40 чамасында Бишкек ШИИББнин “102” кызматына Жибек жолу жана Республика көчөлөрүнүн кесилишинен жөө жүргүнчүнү сүзүп кетти деген маалымат келип түшкөн.

Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери барып, маалыматты тактаганда 1981-жылы Д.А аттуу жаран 2010-жылы туулган Б.И аттуу баласы менен жөө өтмөктөн өтүп жаткан учурда ак түстөгү “Honda Fit” үлгүсүндөгү авто унаа сүзүп, жардам бербестен белгисиз тарапка качып кеткенин билдирген.

"Катталган жол кырсыгынын негизинде Бишкек ШИИББи боюнча милициянын кайгуул кызматынын издөө бөлүмү тарабынан ыкчам издөө иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында 1981-жылы туулган Т.Ж атуу жаран кармалып, Бишкек ШИИББи боюнча тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Ал эми авто унаасы убактылуу токтотуучу жайга киргизилди", - деп айтылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда тергөө амалдары жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан