УКМКнын мурдагы төрагасы Орозбек Опумбаев менен мурдагы ички иштер министри Кашкар Жунушалиевдин кайда экени бүгүнкү күнгө чейин белгисиз. Бул тууралуу бүгүн, 4-ноябрда башкы прокурор Курманкул Зулушев маалымат жыйынында билдирди.
"Бизде Опумбаев менен Жунушалиевдин кайсы жерде жашаганы, бүгүнкү күндө алардын кайда экени дагы деле белгисиз. Чет өлкөгө чыгып кеткени тууралуу да маалымат жок. Бирок алар тергөөгө келбегени анык", - дейт башкы прокурор.