Алгачкы жолу сүйүүчүлөр арасындагы командалар ортосунда республикалык «Фан-Лига Кыргызстан-2020» турнири өтөт

Бишкекте 7-ноябрь күнү сүйүүчүлөр арасындагы командалар ортосунда «Фан-Лига Кыргызстан-2020» мелдеши өтөт. Чемпиондук үчүн жети облустун жана Бишкек шаарынын командасы менен жалпы 8 команда катышат.

«Фан-Лига Кыргызстан 2020» - Кыргыз футболдук союзу жана Кыргыз Республикасынын Спорттук лигасынын эгидасы алкагында өткөрүлүп жаткан сүйүүчүлөр арасындагы алгачкы мелдеш. Башкы максат - өлкөдө массалык футболду өнүктүрүү жана футболчулардын чеберчилик деңгээлдерин өстүрүү.

Бардык оюндар Бишкек шаарындагы Кыргыз футболдук союзунун Футбол борборунун талааларында 7-9-ноябрь күндөрү өтөт. Турнирдин башкы демөөрчүсү «Кыргызстан» коммерциялык банкы. Оюндарды түз эфирден Kyrgyz Sport TV каналынан көрүүгө болот.

Турнирге “Банк Бай-Тушум” (Ош шаары), “Кара-Буура” (Талас облусу), “Беловодск” (Чүй облусу), “1-май” (Ысык-Көл облусу), “Ак-Кула” (Нарын облусу), “Раззаков” (Баткен облусу), “Ал-Халал” (Бишкек шаары) жана “Клуб-91” (Жалал-Абад облусу) командалары катышат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан