Садыр, Жапар, Нуркожо. Жакында төрөлгөн 3 эмге ат коюлду

Жакында төрөлгөн 3 эмге Садыр, Жапар, Нуркожо деген ысымдар ыйгарылды. Бул тууралуу Бишкектеги "Эне жана баланы коргоо" улуттук борборунун башкы дарыгер Салтанат Назаралиева билдирди.

Маалыматка ылайык, 21 жаштагы эне балдары менен бүгүн оорукандан чыгарылды.

"Эне балдардын абалы жакшы. Эне жана балдарды жакындары келип чыгарып кетти, аларга Садыр, Жапар, Нуркожо ысымдары ыйгарылды. Балдарга ысымды чоң атасы менен чон апасы ыйгарган", - деди Назаралиева.

6-октябрда Нарын аймактык ооруканасына 1999-жылы туулган келин келип түшкөн. Нарында ага кош бойлуулуктун 31-32 жумасы, оор преэклампсия диагнозу коюлган. Дарыгерлер кеңешип, кош бойлуулукту 35 жумалык кош бойлуулук мезгилине чейин узартууну чечишти. Үч жумадан кийин, тагыраагы, 29-октябрда операциядан кийин саат 11: 20да убагынан эрте төрөлгөн 3 ымыркай жарык дүйнөгө келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (14)
bond02
2020-11-04 13:01:25
Кыргыздар ушундай подхалим болуп майдаланып кеттикпи э.
+11
al-abu-kinesz
2020-11-04 13:19:52
bond02, минус басам деп плюсту басып алыпмын.
-2
bond02
2020-11-04 13:55:10
al-abu-kinesz,апандын телефонун ал да минус басып кой, арманда калба.
+4
nur090909
2020-11-04 14:25:57
bond02,Муну подхалиндик дебейт. Жакшы адамды тартып, Эл уулу болсун деген ырым жырым, жакшы тилек дейт. Көрө албастыктын да чеги болотда. Наристелерге узун өмүр каалап коюш гана керек.
+5
bond02
2020-11-04 17:24:04
nur090909,ушул моментте Садыр турмодо отурганда ушул наристелерге ушул аттарды коет беле же жокпу кандай ойлойсун?
+6
Nurzat2020
2020-11-05 02:20:09
nur090909,Туура
0
Margo82
2020-11-04 14:32:23
bond02,За то кыргызча ысымдар экен,татар,өзбек,орус,арабча эмес.
+11
Baiaman997
2020-11-04 17:12:36
bond02,менин атымдыда Баямандай депутат курошчу болсун деп коюшкан, бирок ал мезгилде подхалин деген соз жок болчу!
+2
Yiman97
2020-11-04 13:45:48
Садыр сиз Манас атанын ордуна Манассыз патхалинчиликтен уялып буттум аййй
0
bekbol2006
2020-11-04 13:48:26
Омурлуу Эл керегине жараган уулдардан болушсун!
+10
Tymar
2020-11-04 14:49:05
Садыр жапаров жеткен шумшук адам.
-11
nazira...
2020-11-04 16:44:54
Tymar,сен эмне эле бардык жерде жамандай бересин. Озун жеткен шумшуктун да шумшугу экенсин. Бул жерде бала тууралуу болуп жатат, кызык.
+2
Stervashka
2020-11-04 17:36:50
Наристелердин омуру узун болсун, апасына чын ден соолук! Кыргыздар кобойо берсин!
+2
rola
2020-11-04 20:39:45
Омуру ден-соолугу менен берген болсун Аллахым.Жапаровтой чыгаан жигиттерден болуп чоноюшсун.
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан