Орусиянын борбору Москва шаарынын түндүгүндө белгисиз адам батирди басып алып, жардыруу жасайм деп коркутууда. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Головинск шоссесинде жайгашкан батирлердин бирин белгисиз адам барымтага алган. Басып алган адам жардыргыч шаймандары бар экендигин айтып, аларды жардырууну көздөп жаткандыгы белгилүү болду.
Азыркы учурда батирде канча адам бар экендиги белгисиз. Ошол эле учурда, турак жайдын кире бериши курчоого алынган. Жашоочулар эвакуацияланган эмес. Окуя болгон жерде укук коргоо кызматкерлери жана өзгөчө кырдаалдар кызматы бар.