5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, өлкөдө баш аламандык орун алган. Анда 19 жаштагы Ырыскелди Табышбек уулу алган жаракатынан улам оң колунан ажыраган.
Ырыскелди жакында эле үйлөнгөнүн SUPER.KG порталына тастыктап төмөндөгүлөрдү билдирди:
"Үйлөнгөнүмө эки күн болду. Келинчегим экөөбүз сүйлөшүп жүргөнбүз. Көптөгөн адамдар жакшы каалоо-тилектерин айтып жатышат. Бардыгына ыраазычылык билдирем", - дейт ал.
Буга чейин биздин порталга берген маегинде Ырыскелди митинг күнү көпчүлүк жаштар сыяктуу эле адилеттүүлүк издеп аянтка барганын, колунан ажыраганына карабастан ал жакка барганына өкүнбөй турганын билдрген.
Ошондой эле ал алдыга койгон максаттары менен бөлүшкөн.
"Мен буюрса, бир колум менен болсо дагы максаттарыма жетем. Үй-бүлөмдү элден калтырбай багайын деген чоң максаттарым бар, мен үйдүн улуусу болгон үчүн ата-энеме жардам берип, аларды багуу менин милдетим, буюрса, кыялдарга жетем деп турам. Бир колум менен болсо дагы үй-бүлөмдү татыктуу багам деген үмүттөмүн. Буга чейин курулуш компаниялардын биринде иштечүмүн. Акча топтоп шаардан үй алууну пландап жаткам", - деп билдирген Ырыскелди.
Маекти толугу менен бул жерден окуй аласыз.