Ырчы Жоодарбешим: "Кызымдын кыркын чыгаргандан кийин сүйүнчүлөөнү туура көрдүм"

Ырчы Жоодарбешим экинчи ирет ата макамын алганын айтып, кубанычтуу кабары менен бөлүштү. Кыздуу болгон ырчы наристенин кыркы чыккандан кийин сүйүнчүлөөнү туура көргөнүн айтат.

"Жубайым октябрда кесарево жолу менен көз жарды. Тун кызыбызды дагы операциялык жол аркылуу жарык дүйнөгө алып келген. Келинчегим аябай эле кыйналды, аны сезип-туюп жаттым. Азыр Кудайга шүгүр, жакшы болуп калды бир аз.

Кызыбыз 4 килограмм 600 грамм салмакта, бою 56 сантиметр болуп төрөлдү. Ага Армин деген ысым ыйгардык", - дейт ал.

2017-жылы сүйүктүүсү Аксана менен баш кошуп, 2018-жылы кыздуу болушкан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан