Көк-бөрү боюнча президенттин Кубогу: "Суусамыр" "Көк-Жалды" багындырды

Бүгүн, 4-ноябрда Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарында өтүп жаткан көк бөрү боюнча Кыргыз Республикасынын президентинин Кубогунун оюндары уланып жатат.

Саат 16:30га белгиленген Биринчи Лиганын "Д" тайпасындагы оюнда "Көк-Жал" командасы "Суусамыр" командасына 3:6 эсебинде жеңилип калды. Муну менен турнирдин бүгүнкү оюндары аягына чыкты. Эртең, 5-ноябрда Биринчи Лиганын жана Жогорку Лиганын кезектеги оюндары орун алат.

Чолпон-Ата шаарындагы ат майданда өтүп жаткан бул турнир коронавирус пандемиясынан улам көрүүчүлөрсүз өтүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан