Ошто Сулайман-Тоодон боюн таштап, каза болгон кыздын жакындары изделүүдө. Милиция жардам сурайт

Ош шаарында Сулайман-Тоодон өзүн-өзү таштаган кыздын аты-жөнү такталбай жатат. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Мааалыматка ылайык, 30-октябрь күнү саат 20:17 чамасында "Тез жардам" кызматынан Ош ШИИБинин нөөмөт бөлүмүнө билдирүү келип түшкөн. Анда жашы болжол менен 20-25 чамасындагы кыз Сулайман-Тоодон боюн таштап, алган жаракаттарынын негизинде окуя болгон жерде каза болгону айтылган.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган. Маркумга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

"Учурда кыздын аты-жөнү жакындары такталбай жатат. Мындан улам милиция жарандардан жардам сурайт. Кыз көк түстөгү кофта, жынсы шым, бутуна көк түстөгү бут кийим кийип жүргөн. Бою 150-155 сантиметр. Чачы кара. Чачынын узундугу 35 сантиметр. Башка өзгөчө белгилери жок", - деп билдирет басма сөз кызматынан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nazira...
2020-11-04 18:48:12
Тооба, деги озун озу таштаптырбы же алдап апарып туртуп жиберишти бекен.
+4
aslan_akjol89
2020-11-04 22:08:52
Кийген кийимдерин,болжолдуу жашын айтты го.Ошого жараша сурамжылоо журуп жатат да,тантырай бербейли туугандар.
+2
Ozgocho111
2020-11-05 10:51:00
Адам олуму жонундо соз болуп жатат....
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан