Курсан Асанов бүгүн, 4-ноябрда үй камагына чыгарылды. Мындай чечимди Биринчи Май райондук соту чыгарды. Бул тууралуу жактоочу Таалайгүл Токтакунова тастыктады.
"Курсан Асанов Биринчи Май райондук сотунун чечими менен үй камагына чыгарылды", - деди Токтакунова.
29-октябрда Бишкек шаардык сотунда "массалык баш аламандыкты уюштуруу" беренеси алкагында кармалган Курсан Асановдун баш коргоо чарасы каралды. Ага ылайык, Асановго карата биринчи инстанциядан чыгарылган чечим күчүндө калтырылган.
12-октябрда Биринчи Май райондук соту Курсан Асановдун баш коргоо чарасын карап, аны 10-декабрга чейин камакта калтырган.