Кемин районундагы мектептердин биринин жетекчилигине кылмыш иши козголду

Кемин районундагы М.Тарыкбаев атындагы орто мектептин жетекчилигине Чүй облустук ички иштер башкармалыгы тарабынан кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Чүй ОИИБинин басам сөз кызматы билдирет. Маалыматка ылайык, аталган мектепти текшерүү учурунда мектептин жетекчилигинин мыйзамсыз аракети менен 2011-жылдан бери мекемеге мыйзамсыз айлык акы которулуп келгени аныкталды. Муну менен мектеп жетекчилиги мамлекетке 171 600 сом өлчөмүндө зыян келтирген. Учурда бул факты боюнча кылмыш иши козголду. Учурда тергөө жүрүп жатат.   

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
fanatkg
2013-09-26 16:05:14
Чоңдорубуз миллиондогон акчаны жеп атышат, эмнеге аларга кылмыш иши козголбойт...
0
logist
2013-09-26 22:47:06
fanatkg, ошону айтсан,биздин менттерибиз чондордун алдында кучук да,ушундайларга аалы жетет.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан