Бишкекте кечээ түнү маршурттук такси менен жеңил унаа сүзүштү. Бул тууралуу патрулдук милициядан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы саат 21:40тар чамасында Жаш Гвардия көчөсүндө болгон. Анда бир багытта бара жаткан эки унаа сүзүшкөн.
Кырсыктын кесепетинен 3 адам жабыркап, ооруканага жеткирилген. Учурда жол кырсыгынын келип чыгуу себептери такталууда. Унаалар айып короосуна токтотулган.