Жалал-Абад облусунун Токтогул районунда жол кырсыгы катталып, 6 адам жабыркады. Бул тууралуу ӨКМнын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, жол кырсыгы 4-ноябрь күнү саат 21:50дө Бишкек-Ош унаа жолунун 304-чакырымында болгон. Анда Мерседес-Бенц үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу рулду башкара албай, унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.
Унаада 6 адам болгон. Алардын төртөө 10, 8, 6 жана 2 жаштагы балдар болгон. Кырсык болгон жерге ӨКМнын куткаруучулары жеткенге чейин жабыркаган жарандарды жолдо өтүп бара жаткан унаалар аркылуу Токтогул шаардык ооруканасына жеткиришкен.