Бишкек аэропорт унаа жолунда бензовоз менен мотоцикл сүзүшүп, мотоциклдин айдоочусу каза болду

Бишкек аэропорт унаа жолунда бензовоз менен мотоцикл сүзүшүп, мотоциклдин айдоочусу каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы кечээ, 4-ноябрда саат 14:30 чамаларында болгон. Анда түндүктөн түштүккө карай бара жаткан бензовоз солго бурулайын деген, артынан келе жаткан мотоцикл унаасы ашып кетүүгө шашылып,натыйжада жол кырсыгына учурашкан.

Мотоциклди айдаган 20-25 жаштардагы жаран алган жаракаттарынан улам каза болгон.

Учурда жол кырсыгынын чыгуу себептери менен Сокулук РИИБинин кызматкерлери иштеп жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан