Интернетте эмне кеп? Баштыкта жатып курттап кеткен ымыркай, АКШнын саясатын семичкедей "чаккан" кыргыздар, олигархтарды "кустуртам" деген Жапыкеев,

Өлкөбүздө болуп жаткан маселелер артта калып, дүйнөлүк тенденциялардан калбай АКШда болуп жаткан президенттик шайлоого көз салып, ал аз келгенсип Байден жана Трамп деп 2 жаатка бөлүнүп кимиси бийликке келсе кыргыздарга жакшы болот деп талашкан "керемет" эле элбиз. Акыркы маалыматтарга караганда Байден Трамптан ат чабым алдыда келе жатат. АКШнын айрым штаттарында Трамптын кетүүсүн талап кылып нааразычылык акциялар башталды.

Азыркы тапта жыйындары резиденцияда өтүп жаткан Жогорку Кеңеш өзүнө 1 айдын ичинде 5-төраганы шайлады. Мурунку төрага Канат Исаев президенттик шайлоого ат салышарын жайрыялады эле депутаттар бат эле Талант Мамытовду спикерликке шайлап алышты. Өз кезегинде ал мурунку спикерлердин жонуна чапан жаап, башына калпак кийгизип узатты.

5-октябрда шайлоонун жыйынтыгына нааразы болгон эл митингге чыгып, өлкөдө баш аламандык орун алган. Анда 19 жаштагы Ырыскелди Табышбек уулу алган жаракатынан улам оң колунан ажыраган. Ырыскелди жакында эле үйлөнгөнүн SUPER.KG порталына билдирген. Интернет колдонуучулары Ырыскелдиге бакыт каалап, бийлик өкүлдөрү ошол күнү аянтка чыккан эл үчүн таза иштеш керек экендигин жазып калтырышууда.


Шайлоо алдында эл аралап жүрүп колума бийлик тийсе, ичип-жеген мамлекеттик кызматта иштеген олигархтарды "кустуртам" деп убада кылган Сыймык Жапыкеев жетектеген Финпол кечээ депутат Кубанычбек Жумалиевдин мүлкүн тинтүүгө алган видео жарыяланды. Бул жаңылыкты интернет колдонуучулар колдоп Жапыкеев шайлоо алдында берген убадасын аткара баштаганын жазып калтырышкан.

Эл оозунан түшпөгөн депутат Тазабек Икрамов кайрадан көңүл чордонунда. Анын башка депутатты ичи элжирей кучактап аткан видеосу тарады. Видеодо Икрамовдун камераларды көрүп чоочулай журналисттер кайрадан муну да сөз кылаарын айтканын угууга болот. Ал ортодо интернет колдонуучулар Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына да Икрамовдой депутат керек экендигин айтышып "дайыма хайп жаратканы менен, көйгөйлүү маселелерди көтөргөн депутаттардын бири" деген билдирүүлөрүн калтырышкан.

Ош шаарындагы үйлөрдүн биринин балконунан баштыкка оролгон наристенин жансыз денеси табылган. Наристенин энеси кечээ кармалып, учурда тергөөдө сурак берүүдө. Ал; бала өлүк төрөлгөндөн улам коркуп кетип, баштыкка ороп койгонун айткан. Азыркы тапта балага соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Djka
2020-11-05 15:17:30
Кайсы кок мээ ушундай ишке барат оз канынан жанынан кочугунон чыккан баланы таштап мен оз башымдан оту турмушка чыгып Кудай буйруп эне болуп олтурам бугун туптура жыйырма кун болду кызымды колума алып эне болгонума Кудайга мин шугур ошол баланы ичинде тогуз ай боюу орусуна да кыйынчылыгына да чыдап которуп толгосучу мен туп туура беш кун толготум ошонун баарына чыдап которот экенсин анан колуна алгандан кийин кантип оз баланды таштап бироого берип сатып салышат эх кандай таш боорлук
+3
Djka
2020-11-05 15:24:05
Кандай зоокурчулук мындайларды эне дейин десен эне деп айтканга да болбойт айбан дейин десен айбан да баласын таштабайт сатпайт мен озум тороп башыма келгенде баарын тушундум адамдан адам чыгыш кандай кыйын экенин жана ушундай окуяларды укканда шок болуп тан калам жана ушундай ыйлап да алам балада эмне куно деп Оо Кудай инсан атууларга акыл эс бер
+4
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан