Коронавируска каршы күрөшүүчү 5 эреже

"Народный" дүкөндөр тармагы кардарларды жана кызматкерлерди коронавирус инфекциясынан коргоонун беш баскычтуу эрежелерин түздү.

Пандемия башталган биринчи күндөн тартып "Народный" соода үйүнүн бардык дүкөндөрүнүн иши атайын санитардык режимге өттү. Атайын эрежени түзүүгө көп жылдан бери "Народный" соода үйүндө санитардык көзөмөл бөлүмүн жетектеп келген белгилүү дарыгер-гигиенист Мухтасар Азимхожаева көмөк көрсөттү.

- Өлкөдө өзгөчө кырдаал жарыяланганга чейин эле биз дүкөндөрдүн кардарларын жана кызматкерлерин коронавирус инфекциясынан коргоочу комплекстүү системге муктаж экенибизди түшүнгөнбүз. 13-марттан баштап тиешелүү алгоритмдер киргизилип, бүгүнкү күнгө чейин иштеп жатат жана натыйжалуулугу убакыттын өтүшү менен тастыкталды.

  1. Мекемелердин ичин дезинфекциялоо- милдеттүү иш-чара. Антисептикалык каражаттар менен полдон баштап, кардарлардын колу тийген жерлер дагы тазаланат. Мындан тышкары дүкөнгө келген жарандардын бут кийимдерин тазалоо шарты түзүлгөн. Ошондой эле келишимдик негизде атайын ишканалар тарабынан дүкөндөрдө пландык жалпы дезинфекциясы жүргүзүлүп турат.

2. Колдорду тазалоо жана дене табын текшерүү– бул үчүн бардык жарандарга шарт түзүлгөн. Дүкөндөрдүн кире беришинде дене тапты өлчөө милдеттүү түрдө жүргүзүлөт жана соода кылуучу жайдын ичине антисептикалык каражаттар коюлган. Мындан тышкары соода үйүнүн кызматкерлери үчүн кеңсе бөлмөлөрүндө колду дезинфекциялоочу санитардык пункттар орнотулган.

3. Бет кап тагынуу режими- бардык соода дүкөндөрүнө милдеттүү түрдө киргизилген. Дүкөнгө беткапсыз кирүүгө тыюу салынат. Туура, айрым учурда кардарлар тарабынан бет кап тагынуудан баш тарткан учурлар болот. Мындай учурда коопсуздук кызматкерлери беткап тагынуу дүкөнгө кирүү үчүн эмес, дени сак адамдарды ооруну алып жүргөн адамдардан сактоо экенин түшүндүрүшөт. Башкача айтканда, сиз вирустун симптоматикалык алып жүрүүчүсү болсоңуз дем чыгарган учурда коргонуу каражаты вирустун бөлүкчөлөрүн жайылтуунун алдын алат.

4. Кызматкерлердин саламаттыгы күн сайын көзөмөлгө алынат.Биздин ар бир дүкөнүбүздө кызматкерлердин дене табы, ошондой эле анын ден-соолугу жөнүндөгү күнүмдүк маалыматтарды каттаган журнал бар. Сатуучуларды жана эсептөөчүлөрдү вирустук инфекциядан коргоо максатында аларга кол каптар, бет каптар жана атайын бет калкандары берилет. Бейтаптар менен байланышкан соода үйүнүн кызматкерлери компаниянын эсебинен COVID-19 илдетин аныктоо үчүн лабораториялык текшерүүдөн өтүшөт.

5. Социалдык аралыкты сактоо -ар бир кардардан талап кылынат. Жарандарга ыңгайлуу болушу үчүн кассалардын алдында полго кызыл түс менен белгилер чийилип, ар бир сызыкта бирден гана адам турат.

"Биз эпидемиологиялык абалга каршы күрөшүү үчүн мобилдүү жана эффективдүү режимде иштөөгө өттүк, анткени биздин тармак көптөгөн жылдардан бери көзөмөлдөө системин - ХАСПты киргизген. Башкача айтканда, биз олуттуу эреже бузуулар болушу мүмкүн болгон процесстердин баскычтарын дайыма көзөмөлдөп турабыз. Бул систем биздин гана соода тармагыбызга киргизилген, мындан тышкары бизде санитардык жана микробиологиялык изилдөөлөрдү жүргүзүп келген заманбап лабораториябыз бар. ХАСП системи мейкиндикти уюштуруу жана өндүрүш процесстерин көзөмөлдөөнү гана эмес лабораториялык анализди да камтыйт", - деди Мухтасар Сирожитдиновна.

Бирок сатып алуучулар коом алдындагы жоопкерчилигин билбесе, бул чаралардын бардыгы натыйжалуу иштебейт.

Андыктан бет капты ээгибизди эмес мурдубузду кошо жаба тургандай кылып кийип, кассага кезек күтүп турганда бири-бирибизге карата дем алууну токтотолу. Бул жөнөкөй эрежелер бирөөнүн өмүрүн сактап калууга кепилдик боло алат.


кошулду
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан