Бүгүн, 5-ноябрда Бишкектеги №47 колониясынын алдына мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаевдин тарапташтары чогулду. Бул тууралуу Рита Борбукеева социалдык тармактагы баракчасындагы түз эфир маалында билдирди.
Анда чогулгандардын арасында Атамбаевдин жубайы Раиса Атамбаева дагы келгенин көрүүгө болот. Раиса Атамбаева колонияга хризантема гүлүн көтөрүп келген. "Ал хризантема гүлүн жакшы көрөт" деген Раиса Атамбаева.
"Келген жарандар Алмазбек Шаршеновичтин ден соолугун сурап коелу деп келишкен. Арасында кичинекей балдардын да сүрөттөрү, каттары бар. Бул жакта Алмазбек Атамбаедин өзүнө таандык "Кыргызстан" ыры жаңырууда", - дейт түз эфирди алып барып жаткан Борукеева.
Буга чейин мурдагы өлкө башчы Алмазбек Атамбаев 26-октябрда экс-президент Алмазбек Атамбаев Азиз Батукаевдин мыйзамсыз бошотулган иши боюнча Биринчи Май райондук сотунун чечиминин негизинде СИЗО-1ге алып келингенден кийин ачкачылык жарыялаган. Ал эми 28-октябрда ал №47 абакка которулганын жактоочусу билдирген.