Дүйнө жүзүнө тараган COVID-19дун экинчи толкуну Кыргыз өлкөсүн да кыя өткөн жок. Учурда өлкөдө суук түшүп баштады. Мындай учурда шаардын абасынын булгануу деңгээли жогорулап, түтүн пайда болот. Бүгүнкү күндүн көрсөткүчү менен борбор калаадагы абанын булганышы нормадан ашып кеткени айтылууда. Коронавирус менен аралаш булганган абадан дем алуу адамдын өмүрүнө коркунуч келтирери коомчулукта активдүү талкууланып жатат. SUPER.KG порталына пульмонолог адиси Маметназар Маметазим уулу COVID-19дун өсүшүнө абанын булганышы кандай таасир этет жана андан жабыркабаш үчүн кандай чараларды көрүү керектиги тууралуу ою менен бөлүштү.

"Абанын булганышы ден соолукка эң чоң коркунуч алып келет. Учурда бул көрүнүш COVID-19дун өсүшүнө чоң таасирин тийгизет. Себеби таза эмес аба менен дем алганда эң көп өпкө жабыркайт. Буга чейин дагы жыл сайын абанын булгануусунан өпкө ооруларынан жабыркап миңдеген адамдарды өлүмгө дуушар кылган. Азыркы учурда бир эле өпкө эмес, астмадан өнөкөт ооруларына чейин алып келүүдө. Абанын тазалыгы да өзүнүн көрсөткүч бирдиги менен эсептелет. Мисалы, 100 микрограммдан 500гө чейин. Азыр бизде абанын зыяндуулугу боюнча 150 микрограммдан ашып жатат. 100 микрограмм болгондо өпкө оорулары менен жабыркагандарга абдан эле зыян деп эсептелет, ал эми ден сак адамдарга 150 микрограммдан өткөндө кооптуу болуп эсептелет. Учурдагы көрсөткүч (150) өпкө оорулары менен жабыркагандарга аябай эле коркунуч алып келет. Бизде азыр өпкө ооруларынан жабыркап кайрылгандар көп. Алардын ичинен COVID-19 менен жабыркагандардын саны өсүүдө.
Акыркы убактарда байкаганыбыз өпкө ооруларынан, анын ичинде COVID-19 менен жабыркагандарды дарылоо узакка созулуп, дары-дармектердин таасири дагы кечирээк тийип жатат. Бул абанын булганышынан дагы илдеттин оорлошкону десек болот. Ден соолугу жакшы адамдар жабыркап калбашы үчүн иммунитетти көтөргөн пайдалуу, күчтүү тамак-аштар менен азыктанып, дене көнүгүүлөрүн көбүрөөк жасап, сергек жүргөнгө аракет кылыш керек жана дайыма санитардык эрежелерди сактоо сунушталат. Бет кап тагынып, антицептикалык каражаттарды колдонуу менен бирге көпчүлүк болгон жерлерде аралыкты сактоо керек. Ошону менен бирге эл чогулган жерлерге барбай, мүмкүн болсо абасы тазараак болгон шаар сыртына, тоолуу жактарга барып өпкөнү таза аба менен дем алдырып туруу керек.
Бишкек шаарындагы абанын булганышынын нормадан ашып кетиши бул от жагуу сезону башталып, ар кандай зыяндуу түтүндүн абага тарашы. Андан тышкары шаарда унаалар өтө эле көбөйүп, алардын көпчүлүгүндө абаны тазалап өткөрүп берүүчү аппараты эсептелген катализаторлордун жоктугунан абанын аябай булганышына себеп болушат. Эски унаалардын дагы катализаторлору жарабай калгандыктан алардан зыяндуу заттар абага тарайт", - деди пульмонолог адиси.