Ысык-Ата районундагы Новопокровка айылынын тургуну баңгизат менен кармалды. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкармалыгынан маалымдашты. Маалыматка ылайык, 24-сентябрь күнү 22 жаштагы тургун колго түштү. Андан алынган гашиштин салмагы 1,75 килограмм. Факты боюнча кылмыш иши козголуп, тергөө жүрүп жатат.