Бул жолку "Поэтерапия" рубрикасынын коногу - таланттуу акын Улукбек Омокеев.
Ал 1988-жылы Ош облусуна караштуу Кара-Кулжа районунун Чалма айылында туулган. 2011-жылы Ош мамлекеттик университетинин Кыргыз филологиясы факультетин бүтүргөн. Ошол эле жылы "Нур" гезитинин башкы редактору болуп кызматка орношуп, гезитте 2017-жылга чейин иштеген. 2017-жылы ОшМунун киноакадемиясына директор болуп дайындалган.
Акын Алыкул Осмонов жана Эгемберди Эрматов атындагы сыйлыктардын лауреаты. 2019-жылы Кыргыз Республикасынын Улуттук жазуучулар союзунун мүчөлүгүнө кабыл алынган.
Улукбек Омокеев “Кеч күздөгү сулуулар”, “Жаз жыты”, “Ата сүйүү” ырлар жыйнагынын автору жана “Жигер” жаштар чыгармачылык борборунун түзүүчүсү.
2020-жылдын июль айынан бери ОшМунун мамлекеттик тил боюнча департаментинин директору болуп иштеп келе жатат.
Акын SUPER.KG порталына ырларынын жаралуу тарыхын айтып берди.
МЕН МУГАЛИММИН
Окуткан, окуттурган,
Азга да топук кылган,
Жакшыга эшик ачып,
Жамандан тосуп турган
Мекенге ар жыл сайын,
Мекенчил уул-кыздарды кошуп турган
Мен мугалиммин!
Мезгилди ызаттаган,
Мерчемден түз аттаган.
Өлкөнүн тагдыры үчүн,
Мөмөлөп бутактаган,
Бакыттын даамын сезип,
Балдарды жакшы көрүп кучактаган,
Мен мугалиммин!
Кабылдуу бата болгон,
Кайтарган ката жолдон,
Келечек күндү ойлоп,
Кейиген, капа болгон.
Мээримин аябастан
Мектепте окуучуга,апа да, ата болгон
Мен мугалиммин!
Жумушту адат кылган,
Турмушту санат кылган.
Өзү эмес окуучуга,
Бийикти самап турган,
Учуруп шумкарларын,
Кайра өзү, суктанып карап турган
Мен мугалиммин!
Күн нурун тартып көктөн,
Мээримин жаркып төккөн.
Үй-бүлө, мектеп жүгүн,
Үзүрлүү тартып кеткен,
Эреркеп, кубанып да,
"Агайым" деген сөзгө балкып кеткен
Мен мугалиммин!
Мен мугалиммин!
Жашоону сүйүп турган,
Булактай ийип турган,
Татына мугалимдин,
Күрмөсүн кийип турган,
Жөнөкөй жашоосу бар,
Максаты бардыгынан бийик турган
Мен мугалиммин!
Көкүрөгүмдө улуу кыялдар жашачу, жаш кезимде көп кыялданчумун. Ошол кыялдарымдын бири жакшы мугалим болуу болчу. Негизи биз кыялдар ишке ашат, кыялдар орундалат, ойлор материалдашат деп коёбуз. Буга мен толугу менен ишенем.
Гезит, китептерди көп окугандыктан менде бир топ кыялдар пайда болгон. Анын ичинен акын, спортчу жана мугалим болгум келчү. Азыр ошол кыялдарымдын баары ишке ашты. Мектепте окуучуларга, жогорку окуу жайда студенттерге сабак бердим. Анан ошентип жүрүп мугалимдин түйшүгүн сездим.
Чынында оңой адам мугалим боло албайт. Мугалимдин дүйнөдөгү адамдардан айырмасы окуучусунун ийгилигине сүйүнүп, шумкарларын учуруп жиберип, кайра ага суктанып карап турганында. Алар өзүнүн эмес, башка бирөөнүн ийгилигине суктанган жандар болушат.
Ошентип мугалим тууралуу ыр жазуу идеясы келип "Мен мугалиммин" деген ырды жараттым. Бул ырды кайсы бир конкурска дагы жибергем, бирок ырым ал конкурстан жеңүүчү болбой калды. Чынында ырды өтө деле күчтүү “шедевр” чыгарма деп айта албайм, бирок жүрөгүмдөн чыгып жазылган ыр деп айта алам.
Кабылдуу бата болгон,
Кайтарган ката жолдон,
Келечек күндү ойлоп,
Кейиген, капа болгон.
Мектепте экинчи ата да, апа да болгон - бул мугалимдер. Бул ырды мугалимдин баркы артса экен деген максатта жазганын. Кубандырганы азыр көп мугалимдер ушул ырды атайын иш-чара, конкурстарда гимнге айлантып айтып жүрүшөт. Ыр мындан 4-5 жыл мурун мектепте мугалим болуп иштеп жүргөн учурумда жазылган. Мен качандыр бир мезгилде кайра эле мектепке мугалим болуп барам, Кудай буюрса..
СҮЙӨМ ДЕБЕЙ СҮЙҮШТҮК
Жолуктуң да теңим болуп көрүндүң,
Жолумду улап жүргөн кезде жалгыздык.
Качан шеги билинет деп сезимдин,
Кадыркечим, сыр билдирбей аңдыштык.
Мен да сездим, сен илгиртпей түшүндүң,
Болду жүрөк ар күн сайын самачу,
Дипломум, сенин курстук ишиңдин,
Темасынын дал келгенин карачы.
Сенин мага, менин сага керегим,
Бар экенин сезип толкуп кетем да.
Ашыктарга жолугуунун себебин,
Тагдыр өзү камдап коет экен да.
Кыялымды билсинчи деп ашыгып.
Кылбагамын атайылап тийиштик.
Арзууларды айнек менен жашырып,
Биз экөөбүз "сүйөм" дебей сүйүштүк.
Бешинчи курсту бүтүп жатып окуучуларды жалпы республикалык тестирлөөгө даярдап Ноокат жергесине барып, мугалим болуп иштеп калдым. Ошондо өзү менен таанышуудан мурун бир кыздын атасы менен тааныштым. Ал кыздын атасы "ОшМунун филология факультетинде менин кызым окуйт, таанысаң керек" деп айтып калды. Мен "тааныйм" деп жооп бердим.
Себеби филология факультетинин студенттери бири-бирин толук таанышат. Анан агай кыздын атын айтканда эстей албадым, көрсө тааныбайт экенмин. Анан келип атайын издештирип, ошол кызды таптым. Ал учурда ОшМунун "Нур" гезитинде редактор болчумун, алар гезитке келип иштешчү. Анан акырын экөөбүз байланыш түздүк. Анан эле бир күнү ал кыз "мен курстук иш жазып жатам, жардам бериңиз" деп суранып калды.
Ошентип ал редакцияга келди, экөөбүздүн темабыз да бир экен. Ал учурда мен "Осмоновдун сүйүү лирикаларын орто мектепте окутуу" деген темада дипломдук иш жазып жаткам. Ал болсо жалпы эле лирика жанрынын орто мектепте окутулушу боюнча жазып жаткан экен. Анан экөөбүздүн ишибиз окшош болуп, аны жазып бүттүк, жардам бердим.
Ошентип жүрүп кыз-жигит болуп сүйлөштүк. Анан тагдыр насип кылып, азыр эки баланын ата-энесибиз. Мен мындан бир нерсени билип, сездим. Мисалы, ыйык нерсе туюк болот деп айтылат эмеспи, ошондуктан сүйөм деп айтуу анча деле зарыл эмес. Бири-бирибизге сүйөм деп деле айткан эмеспиз, жөн гана кыймыл-аракетибиз, сүйлөшүүлөр, кээде бири-бирибизге кам көрүү, тымызын жакшы мамиле жасоо аркылуу гана сезимдерибизди түшүнүп алдык.
Биз сүйүүбүздү, арзуубузду бекитсек деле ал көрүнүп турат.
Ыр биз баш кошкондон кийин жаралды. Көбү жубайыңызга арнап ыр жазгансызбы деп сурай беришет. Бирок атайын жубайыма арнап ыр жаза элекмин. Чыгыш мырзасы негизи ички эмоцияларын, сезимдерин жашырып, келинчектерине көп үйрүлүп түшө беришпейт. Мен деле азыр эфирден сүйлөп жатып, бир аз тартынып турам муну көпчүлүк көрөт.
Бирок көбүнчө аудитория жаштар болгондуктан, ачык айтып коё берүүнү туура көрүп турам. Анткени көңүл ишинде сот жок эмеспи. Өткөндө келинчегим экөөбүз отуруп алып ошол күндөрдү эстеп, аябай күлдүк. Биз ар дайым сөз кылган адамдар аман болсун, бар болсун биз ошолорду ушактап, сүйлөшүп отуралы, сөзүбүз бүтпөсүн деп тилейбиз. Мен ушул ырды окуган сайын ошол күндөрүм эске түшөт.
Бул ырымды өткөөл курактагы ини-карындаштарыма, өспүрүм балдарга арнайм
Мээрим төгүп сүйүп турса жер энем,
Үмүтү жок жашоом керек неге мен?!
Апам толгоо тартып жарык көргөзсө,
Андан бери ар таң сайын төрөлөм
Таалай издеп улуу түндү күзөтөм,
Табам балким, же жанынан түз өтөм.
Тагдыр, сенден үстөгү бар карызды,
Кайра өзүңдү сүйүп жүрүп түгөтөм.
Коркпойм ызгаар, бороону бар кышыңан.
Кылчактасам мен өмүрдөн утулам.
Жашоо, сага бересемди күн сайын,
Жаркып кабак, жашап жүрүп кутулам.
Дене бойдо жашайт, кетпей жаш чагым,
Сүйүүсүнө сүйүү кошом башканын,
Өлчөбөстөн таратамын ар кимге,
Өмүр, сага төлөгөндөн ашканын.
Кайсы жылы экени эсимде жок, бирок коомчулуктун эсинде болуш керек "көк кит" деген бир балекет оюн чыгып, жаштар өз өмүрүнө кол салды деген имиштерди укканбыз. Чындап эле өмүрүнө кол салган жаштар болгон. Аны кимдер чыгарган, кандай максатта чыгышкан, кимдер уюштурган ал бизге дагы деле табышмак боюнча турат. Бирок адамдардын "мен өлүп алайын, койчу, тажадым турмуштан" дегендерин укканда аябай капа болом. Тагдырдан өч алуу үчүн татыктуу жашаш керек.
Ошондо өч аласың, күрөшүш керек. Өткөн окуялардан тагдырдан өч алуу, өлүп калуу, өмүрүн кыюу менен чектелбейт. Эмнеге биз балдарыбызга бул өмүрдү сүйүштү үйрөтпөйбүз, жашоону сүйдүрбөйбүз? Кээде жанагы шейит кетүү, аркы дүйнөгө барып бейишке чыгуу дегендерди айта берип, адамдарды башкача түшүнүккө алып келип алат экенбиз.
Мен өлүмгө, жан кыюуга даярмын дей беришет, бирок адамзат өз жанын өзү кыюу менен эле бир нерсеге салым кошо албайт да. Кыя турган учур болот, өмүргө татый турган кездер болот. Бир адамдын өмүрү менен миллиондогон адамдын өмүрүн сактап кала турган окуялар болот. Андай болсо бир жөн, анан жөн эле арзыбаган окуялар үчүн, кээде сүйгөнүнө жетпей калып деле өзүнө өзү кол салгандарды көрүп, зээним кейийт.
Чындап эле өмүрдөгү карызды жашап жүрүп кутуулуу керектигин түшүндүм. Эстеп көрсөм мен деле жаман кыялдарга жетеленген учурлар болгон. Болор болбос нерсени жүрөгүбүзгө терең кабыл алат экенбиз.
Тагдыр, сенден үстөгү бар карызды,
Кайра өзүңдү сүйүп жүрүп түгөтөм.
Карыздардан кутулуу үчүн жашаш керек. Бул дүйнөдө ата-энеге карызбыз, ата-энеге татыктуу уул болуп, коомго пайдаң тийсе, ата-эне үчүн андан өткөн бакыт жок. Ата-эне балдарга чоңойгондо "мени багасыңбы?" десе бала, "ооба, сизди багам" деп жооп берет. Чынында ата-энени багуу парз, бирок кээ бир ата-энелер "чоңойгондо элди бак, элге салым кош, коомго пайдалуу бол" деп тарбиялашат балдарын. Мисалы, мактаныч эмес, менин ата-энем мени ошентип чоңойтушкан, анан кантип өзүм ошого татыктуу жашабашым керек. Ийгилик жараткан сайын, жакшы иштерди жасаганда ата-энең кубанып туруусу керек.
Сүйүүгө болгон, бир тууган, жакындарыңа болгон карызды да жашап кутулуу керек. Сен бул дүйнөдөн кетип калсаң эмне өзгөрөт? Жакындарың бир аз кайгырат, аны менен өзүң аларды азапка саласың, убакыт өтүп сени унутушат, унутулуп каласың... Бул ыр менен, "өлгөндүн өзүнүн шору" дегенди бергим келди.
Апам толгоо тартып жарык көргөзсө,
Андан бери ар таң сайын төрөлөм.
Апам мени төрөп, жарыкчылыкты көрсөтүп койду, мындан ары мен күн сайын жаңыдан төрөлүп турам деген түшүнүктү бергим келди.