"Атамды сабап жатат". Бишкекте жарандын башына балка менен чаап, денесине оор залал келтиргенге шектүү адам кармалды

Милициянын кайгуул кызматы ден соолукка оор зыян келтирген жаранды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 4-ноябрь күнү болжол менен саат 16:40 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Ош базарында "атамды уруп жатат" деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке ошол замат милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1997-жылы туулган П.Ф. аттуу жаран арыз менен кайрылган.

"Анда ошол эле күнү болжол менен саат 16:20 чамасында арыз ээсинин атасын болжол менен жашы 40-45 жаштардагы жаран атасы менен урушуп, атасынын башына темир балка менен чаап, денесине оор залал келтирген. Ошол адамга карата чара көрүүнү өтүнгөн. Жазылган арыздын негизинде ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыштын изи сууй электе кылмышка шектүү катары 1975-жылы туулган Э.А. аттуу жаранды кармашып, Ленин РИИБинин тергөө кызматына өткөрүп беришкен", - деп жазылат маалыматта.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүшкө алынган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Gold_star
2020-11-05 18:52:35
Мынча мыкаачы.
0
Murzakmat2
2020-11-06 09:37:48
Биздин милициялар ушунчалык кучтуу иштеп калганбы баарын эле изин сууелекте карман?
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан