Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ясенский кыска көчөсүндө турак үйдөн чыккан өрт толугу менен саат 12:11де өчүрүлдү. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 5-ноябрь күнү 09:30да Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ясенский кыска көчөсүндө турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө 2 бөлүм тартылган. Турак үйдөн чыккан өрт саат 10:13тө чектөөгө алынып, өрт толугу менен саат 12:11де өчүрүлдү. Учурда өрттүн чыгуу себептери такталууда жана өрттөн жабыркагандар жок.