Милициянын кайгуул кызматкерлери уурулукка шектелген кызды кармады. Бул тууралуу аталган кызматтан билдиришти.
Ушул жылдын 5-ноябрында болжол менен саат 06:40 чамасында Бишкек ШИИББинин 102 кызматына Тоголок Молдо көчөсүнөн акчамды уурдап кетти деген маалымат келип түшкөн. Айтылган дарекке милициянын кайгуул кызматкерлери келип, маалыматты тактаганда 1992-жылы туулган Т.М. аттуу жаран арыз менен кайрылган.
Анда Тоголок Молдо көчөсүндө жайгашкан эс алуучу жайлардын биринде белгисиз кыз арыз ээсинин 18 миң сом өлчөмүндөгү акчасын уурдап кеткен. Ыкчам издөө иш-чараларын жүргүзүп, кылмыш изи сууй электе кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган С.В. аттуу кыз кармалып, Биринчи Май РИИБинин тергөө кызматына жеткирилген.
Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, азыркы учурда тергөө иштери жүрүүдө.