Жалал-Абад ШИИБинин криминалдык милиция кызматы тарабынан 4 килограммга жакын баңгизат алып жүргөн жаран кармалды. Бул тууралуу аталган облустан билдирди.
Жалал-Абад ШИИБинин криминалдык милиция кызматы тарабынан белгисиз атуул баңгизатын көтөрүп жүргөндүгү тууралуу маалыматтар алынган. Бул маалымат Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, ыкчам иликтөө иш-чаралары жүргүзүлө баштаган.
"4-ноябрь күнү саат 14:00 чамасында Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишинде №10 Жазаларды аткаруу мекемесинин жанында Базар-Коргон районунун тургуну 1999-жылы туулган М.Д. текшерүүгө алынган. Текшерүү учурунда ал көтөрүп жүргөн асынма баштыктан 3 килограмм 860 грамм гашиш баңгизатына окшош, өзгөчө жыты бар маңзат алынган. Шектүү жаран убактылуу кармоочу жайына киргизилген.
Аталган кылмыш иши боюнча топтолгон материалдар боюнча сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, тиешелүү экспертизалар дайындалган. Учурда териштирүү жүрүүдө", - деп билдирет басма сөз кызматынан.