Кыргыз өлкөсүнүн белгилүү балбаны Айсулуу Тыныбекова Польшанын борбору Варшава шаарында өтө турган "Poland Open" аттуу эл аралык турнирге катышуу үчүн жөнөп кетти. Бул тууралуу Тыныбекова өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.
"Вируска байланыштуу ортодогу узак мөөнөттүү тыныгуудан кийин кайрадан күрөш боюнча турнирге катышуу үчүн Варшавага учтук. Аман-эсен Стамбулга келип алдык. Аялдар күрөшү боюнча "Poland Open" эл аралык турнирине бара жатабыз. Убакыттын тардыгына байланыштуу жетерибиз менен дароо күрөшөм.
Баары жакшы! Болгону Кыргыз өлкөсүнөн чет жерге чыгуу абдан оор болуп калыптыр. Аэропорттон чыгууда көп кыйынчылыктар болду. Ооба, азыр вирус учурунда, албетте, тартипти баарыбыз сакташыбыз керек. Турнирден кийин атайын машыгууларыбызды Польшада улантабыз", - деп жазган Тыныбекова.