16 жаштагы кош бойлуу кыз өз өмүрүнө кол салып каза болду

Ош облусунда 16 жаштагы кош бойлуу кыз өз өмүрүнө кол салды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына облустук милициядан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 25-августта кыз үйдөн чыгып кеткен бойдон кайтып келген эмес, 16-сентябрда анын денеси Кара-Суу районундагы суу сактагычтан табылган.

"Экспертиза кыздын кош бойлуу экендигин көрсөттү. Маркумдун апасы эмгек мигранты болуп Орусияда иштеп жүргөн. Кыз Кара-Кулжа районунун жашоочусу болуп, акыркы учурда Ош шаарында жашап жаткан ”, - дешти милициядан.

Азыркы тапта бул иш боюнча Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза кодексинин негизинде кылмыш иши козголуп, тиешелүү иш аракеттер жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Nursul
2020-11-05 20:05:57
Ошон үчүн ата энелер бой жетип калган кыз балдарыңарды таштап кетпегилечи переходный возраста ар кандай нерсе болуп кетет айрыкча кыз баланы катуурак кармаш керек ошол маалда.
+10
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан