Кыргыз өлкөсүнөн өзгөчө оор кылмыш жасаган деп издөөдө жүргөн коңшу Казакстандын жараны кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматынан билдиришти.
"2020-жылдын 4-ноябрында УКМК тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-издөө иш-чараларынын жүрүшүндө Чүй облусунан издөөдө жүргөн Казахстандын жараны 33 жаштагы Ширинов Шаин Курбанхан-оглы кармалды. Ал өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн (өзгөчө мыкаачылык менен адам өлтүрүү) Казакстандын укук коргоо органдары тарабынан мамлекеттер аралык издөөгө алынган.
Азыркы учурда мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өтүү фактысы боюнча кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестеринин сотко чейинки өндүрүшкө каттоо маселеси каралып жатат. Кармалган адам Чүй облусунун Жайыл районуна караштуу ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилди", - деп билдиришти УКМКдан.
Азыркы учурда Шириновду Казакстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берүү маселеси каралууда.