Биз социалдык тармакта

Бишкекте турак үйдөн чыккан өрттөн 71 жаштагы жаран күйүк алды

Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ясенский кыска көчөсүндө турак үйдөн чыккан өрттүн кесепетинен бир жаран жаракат алды. Бул тууралуу бүгүн, 6-ноябрда ӨКМнын басма сөз кызматынан кабарлашты.

"Ясенский кыска көчөсүндөгү турак үй толугу менен күйдү (аянты 420 чарчы метр). Өрт чыккан турак үйгө кошуна жашаган 1949-жылы туулган тургун эки колунан жана бетинен күйүк алып, ооруканага жеткирилди. Өрттүн себеби такталууда", - дешти мекемеден.

5-ноябрь күнү 09:30да Бишкек шаарынын Октябрь районундагы Ясенский кыска көчөсүндө турак үйдөн өрт чыгып, саат 12:11де өчүрүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан